Новость 25 августа
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Бүгүн, КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы М.Ташболотов Чан Цзи шаарындагы Синьцзян мамлекеттик айыл чарба технопаркынын башкаруу боюнча комитетинин башчысы Ван Веньой баштаган делегацияны кабыл алды. Жолугушуунун негизги максаты айыл чарбасы тууралуу кененирээк маалымат алышып, кыргыз тарап менен кызматташуу болуп саналат. Өз кезегинде статс-катчы М.Ташболотов айыл чарба министрлигинин иши тууралуу айтып берди. Учурда кайсы тармак приоритеттүү болуп жаткандыгын, айыл чарбасынын өнүгүшү үчүн кайсы багыттарды колго алып жаткандыктары туурасында маалымдады. Ошондой эле, айыл чарба техникаларын жаңылоо мезгил талабы экендигин билдирип, кандай шартта алсак болот деп кызыкты.  Ал эми Кытайдан келген өкүл Ван Веньой да кыргыз тарап менен кызматташуу маанилүү экендигин айтып, багыттарды тандап алуу керектигин билдирди.

Назад

Информационный блок