Новость 23 августа
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Кытайлардын кызыгуусу күч!
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев Кытай Эл Республикасынын Айыл чарбасынын вице-министри, Кытай агрардык университетинин президенти Ли Жойангды, Кытай агрардык универстетинин Эл аралык байланыштар башкармалыгынын башчысы Фенг Донхингди, ошондой эле аталган университеттин пахта өсүмдүгүн изилдөө борборунун директору Ли Фугангды жана Ланчжоу институтунун мал чарбасы жана ветеринардык илим боюнча башкы директору Янг Шигангды кабыл алды. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кытай тарап Кыргызстандын айыл чарба азыктарынын сапаттуулугуна басым жасашып, анын экологиялык жактан таза экендиктерине жогору баа беришип, кызматташуу сунуштарын айтышты. Атап айтсак, кыргыз балына, этке, жашылча жемиштерге талап күч экенин билдиришип, аны экспорттоо үчүн бирдиктүү кызматашуу маселесин көтөрүштү. Ошол эле учурда министр Турдуназир Бекбоев учурда Бажы Биримдигине киргенибизге байланыштуу өлкөдө лабараториялар курулуп жатканына кенен токтолуп, бул багытта Кытай инвесторлору кызыкса келип иштешүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтты. Андан тышкары Кытай тарап тажрыйба алмашуу маселесин көтөрүп, Кыргызстандык жаш окумуштууларды Кытайга барып тажрыйба алмашуу шарттарын сунуштады жана Кыргызстан менен иштешүү Кытай үчүн приоритет экенин билдиришти.

Назад

Информационный блок