Новость 19 августа
1144953 3 2x

Балды экспорттоого аракеттер!
Кыргызстандын балын экспорттоо боюнча Кытай мамлекетинен келген өкүлдөр менен жолугушуу болду. Иш чарага КРнын Өкмөтүнүн Агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы А.Жээналиев, КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.Керималиев, КРнын Өкмөтүнүн алдындагы ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын директору К.Жумаканов жана региондордон келген  балчылар катышты. Жолугушууда Кытайга балды сатуу үчүн бардык балчылар ассоциациясы менен биргеликте иш-план иштеп чыгуу, аарыларды кантип дарылоо керек деген маселелер көтөрүлдү. Кыргызстанда лаборатория курулса, бал сатуу жакшыраарын өз сөзүндө КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.Керималиев билдирди.

Назад

Информационный блок