Новость 19 августа
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Талаа күнү Сокулукта!
Бүгүн, Сокулук районундагы Биринчи май айыл аймагында талаа күнү өткөрүлдү. Иш чарага КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.Керималиев, Жапон эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIKA) Кыргызстанда жашылча жемиш, үрөнчүлүк өндүрүүнү алдыга жылдыруу боюнча иштеп жаткан долбоордун жетекчиси, кызматкерлери жана райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын жетекчилери, фермер дыйкандар катышты. Негизги максаты тажрыйба алмашуу болуп саналат. Жапон эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргызстанда иштеп жаткан долбоору аркылуу өсүмдүктөрдүн  25 түрү эксперимент катары өстүрүлүп келет. Бүгүн, мына ушул өстүрүлүп жаткан бир катар жашылча жемиштер  менен тааныштыруу болду. Мындан сырткары, катышуучулар  Кыргызстандын шартында кандай өстүрүү керек, кандай жыйынтык болуп жаткандыгы туурасында дагы маалымат алышты.
КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.Керималиев өз сөзүндө “мындай өткөрүлүп жаткан талаа күндөрү дыйкан фермерлер үчүн үзүрлүү болуп, региондордо алдыга жылуу иштери болушу керек” деди. 

Назад

Информационный блок