Новость 19 августа
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ишкерлерди логистикалык борборлорду курууга активдүү катышууга чакырды

18 Баш оона, 2016
Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-августта, Ош облусуна эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында Араван районундагы логистикалык борборго жана жер-жемиш базасына барды.
Аталган борбордун жетекчилигинин маалыматына ылайык, өткөн жылы логистикалык борбор 100 миң тоннага жакын жемишти сактаган, жакынкы арада анын сыйымдуулугун кеңейтүү жана андагы продукция сактоонун ыкмаларын жакшыртуу пландаштырылууда. Учурда борбордун аянты 600 чарчы метрди түзөт.
Сакталган продукция ички жана тышкы рынокторго чыгарылат. Учурда Ош облусунда ушул сыяктуу логистикалык борборду куруу жөнүндө инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.
Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, өлкөгө мындай логистикалык борборлор зарыл, анткени алар жергиликтүү дыйкандарга өз продукцияларын ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана башка өнөктөш мамлекеттердин рыногуна чыгарууну жөндөөгө мүмкүндүк берет.
«Бизнес-коомчулук өкүлдөрү республиканын бардык аймактарында бул сыяктуу борборлордун курулушуна көбүрөөк көңүл бурса жакшы болоор эле.  Аталган борборлор айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн чыгашаларын оптимпалдаштырууга, ал эми керектөөчүгө кышы-жайы сапаттуу продукцияга ээ болуусуна шарт түзөт», – деп белгиледи ал.
Сапар алкагында Премьер-министр ошондой эле Араван районундагы инфраструктуралык жана социалдык обьектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Өкмөт башчыны иш сапарында Кыргыз Республикасынын  Транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаров, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, мелиорация жана тамак-аш өнөр жай министри Турдуназир Бекбоев, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашовдор коштоп жүрөт.


КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Назад

Информационный блок