Новость 18 августа
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Кооперативдик кыймылдын өнүгүүсүн Айыл чарба министрлиги  колго алат!
Республика боюнча айыл чарбасында “Кооперативдик кыймылдын өнүгүүсүн өркүндөтүү” максатында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө концепция иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу тобун түзүү сунушталды. Өкмөттүн буйругу менен аталган жумушчу топ түзүлөөрү менен  республикада “Кооперативдик кыймылдын өнүгүүсүн өркүндөтүү” боюнча Концепция иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан бекитилилет.
Эске сала кетсек,  КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги тарабынан демилгеленип , КРнын Өкмөтү тарабынан колдоого алынып, июль айынын экинчи жарымында Нарын облусунун Ак-Талаа районунда “Мангел” үрөнчүлүк айыл чарба  кооперативи түзүлүп, облустук деңгээлде семинар өткөрүлгөн. Бул кооперативдердин ишинин жыйынтыгы жогору болооруна катышуучулардын дагы ишенми чоң экендигин белгилешти.  

Назад

Информационный блок