Новость 16 августа

Жайыт департаментинин  жума аралыгында жасаган иш аракети жана Протоколдук тапшырмалардын аткарылышы жөнүндө маалымат

 Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу  Жайыт департаменти өз ишин Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2009-жылдын  19-июнундагы № 386, токтомунун  негизинде жана бекитилген  иш планы менен Департамент жөнүндөгү жобого ылайык жүргүздү.
Информациялык иштер  жөнүндө
Жайыт департаментинин жетекчилери жана адистери жер-жерлерге барып, айыл аймактардын жайыт пайдалануучулары менен жолугушуп, аларга Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  токтомдору жөнүндө кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
         2016-жылдын 11-августунда Департаменттин адистери Суусамыр жайыт комитетинин иштери менен таанышып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, жоболору жөнүндө маалымдоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ошондой эле, “алтыгана-караган” отоо чөбүн жок кылууга байланышкан маселелердин үстүндө талкуу жүргүзүп келишти.
2016-жылдын 12-августунан 13-августуна чейин Департаменттин директору Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунун жайыт комитеттери жана  жайыт пайдалануучулары менен  Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жана жайыт чек аралары боюнча көйгөйлөрдү “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-1” долбоорунун алкагында талкуулап келди.
Протоколдук иштердин аткарылышы жөнүндө
2016-жылдын 9-августундагы  Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин аппараттык кеңешмесинин  №13 Протоколунун 14-пункттарындагы тапшырма  боюнча  төмөндөгүлөрдү билдирет.
Айыл чарба иштери тууралуу түздөн-түз Жалал-Абад облусунун жетекчиси менен байланышып, бүгүнкү күндөгү болуп жаткан абал тууралуу маалымат өз убагында алынып жатат.
2016-жылдын 12-августунда саат 16:30да Тышкы байланыштар жана инвестициялар бөлүмү уюштурган окууга Департаменттин адиси барып катышып келди.
ЕАЭБга кошулганыбызга бир жыл болгонуна байланыштуу, тийиштүү маалымат даярдалып берилген.
Жайыт департаменти жөнүндө жобо Министрликтин жобосу өзгөргөндүгүнө байланыштуу толукталып, Агрардык саясат, айыл чарбанын өнүгүшүн талдоо жана божомолдоо башкы башкармалыгынын башчысы Р.Бейшенкуловго тапшырылды.
№353-буйруктун негизиндеги иш-чаралардын планын аткаруу боюнча иштер контролго алынды.

Корреспонденциялар жөнүндө
Жума ичинде Жайыт департаментине Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн, Жогорку Кеңешинин Аппаратынан жана министрликтерден, ведомстволордон , облустардан жана жайыт пайдалануучулардан  жалпы 15 кат, анын ичинен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынан-1, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен-6, облустардан-3 жана башка ведомствалардан-5  кат келип түштү. Келген каттарга Департаменттин адистери   Кыргыз  Республикасынын 2007-жылдын 4-майындагы № 67чи «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамына ылайык,өз убагында жооп берип жатышат.

Назад

Информационные системы

Информационная сеть
районных управлений
аграрного развития

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок