Новость 10 августа
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Япония элчилиги Айыл чарба министрлиги менен кызматташууга даяр

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Т.Бекбоев бүгүн, Япониянын Кыргызстандагы Өзгөчө жана ыйгарым укуктуу элчиси Есихиро Ямамура менен жолугушту. КРнын Айыл чарбасы менен кызматташуу үчүн көптөгөн долбоорлор бар экендигин белгилеген элчи, кызматташуунун алкагында Япония өлкөсүнө кызматкерлердин билимин жогорулатуу үчүн алып барууга, сүт азыктарынын сапатын арттырууда кадрларды даярдоо жана башка багыттар боюнча иштешсе болоорун айтып өттү. Япония өлкөсү менен ар дайым кызматташууга даяр экендигин билдирген Айыл чарба министри Т.Бекбоев айыл чарба багытында бир топ маалыматтарды айтып берди. Кыргызстан Бажы биримдигине киргендигине байланыштуу, көптөгөн иштерди аткаруу алдыда турат. Алардын бири талапка ылайык фитосанитардык лабораторияларды куруу болуп саналат. Андыктан бул жаатта Талас жана Ысык-Көл облусунда фитосанитардык лаборатория куруу пландалып жаткандыгын билдирди.

Назад

Информационный блок