Новость 10 августа
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Бүгүн, КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Т.Бекбоев Кытай Эл Республикасынын Хенань провинциясынын Илимий-техникалык кызматташуу ассоцияциясынын өкүлү, Хао Чунлайн илимий институнун деканынын орун басары Ван жу баштаган делегациян мүчөлөрүн кабыл алды. Жолугушуунун негизги максаты кызматташтык болуп саналат. Кытай Эл Республикасынын келген өкүлдөр өсүмдүк өстүрүү багытында долбоор менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барууну сүйлөшүү үчүн келишкен.Долбоордун негизинде Чүй, Жалал-Абад облустарында органикалык дары чөптөрдү эгүү каралган. Өз кезегинде КРнын Айыл чарба министри Т.Бекбоев алгач долбоорду жакшылап даярдаңыздар. Кыргызстандын аймагында иш жүзүнө аша турган долбоор болгондуктан экологиялык жактан баштап бардык тарабын карап чыгуу керектигин билдирди. Мындан сырткары, долбоордун алкагында Кыргызстан үчүн кандай иштер жасалат, мына ушуну дагы тактап жазып бергиле деген пикирин айтты.

Назад

Информационный блок