Новость 10 августа

Жайыт департаментинин  жума аралыгында жасаган иш аракети жана Протоколдук тапшырмалардын аткарылышы жөнүндө маалымат

 Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу  Жайыт департаменти өз ишин Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2009-жылдын  19-июнундагы № 386, токтомунун  негизинде жана бекитилген  иш планы менен Департамент жөнүндөгү жобого ылайык жүргүздү.
Информациялык иштер  жөнүндө
Жайыт департаментинин жетекчилери жана адистери жер-жерлерге барып, айыл аймактардын жайыт пайдалануучулары менен жолугушуп, аларга Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  токтомдору жөнүндө кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
         2016-жылдын 2-августунан 5-августуна чейин Департаменттин директору Нарын облусунун Жайыт комитеттери менен жолугушуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин КСДП фракциясынын лидери депутат И. Өмүркулов менен жалпы элдик жыйындарды өткөрүп, жайыттарды башкарууну жана пайдаланууну жакшыртуу боюнча жайыт жерлериндеги маселелерди аныктоо, жайыт жөнүндөгү мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча түшүндүрүү иш-чараларын жеринде барып өткөрүп келишти.
Протоколдук иштердин аткарылышы жөнүндө
2016-жылдын 2-августундагы  Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин аппараттык кеңешмесинин  №11 Протоколунун 9 жана 12-пункттарындагы тапшырма  боюнча  төмөндөгүлөрдү билдирет.
Алтыгана боюнча аткарылып жаткан иштерди Департаменттин адистери жер жерлерге кызматтык иш сапарларга барганда, жолугушууларда жана семинарларда белгилеп келишүүдө.
Айыл чарба иштери тууралуу түздөн-түз Жалал-Абад облусунун жетекчиси менен байланышып, бүгүнкү күндөгү болуп жаткан абал тууралуу маалымат топтолуп, көрсөтүлгөн маселелер боюнча иш аракеттер пландалууда.
Кыймылсыз мүлктү камсыздандыруу боюнча, ар бир кызматкерден тизме боюнча маалымат алуу боюнча иш аракеттер көрүлүп маалымат берилип, калган кызматкерлердин мүлкүнүн камсыздандырылышы боюнча дагы толуктоочу маалымат беребиз.
Ар бир чыгып жаткан иш-чарага түзүлгөн пландын негизинде жөнөп жатышат.
Ар бир райондо бирден кооператив түзүү боюнча иштерди аткаруу максатында, жаңы түзүлгөн кооперативдерде семинар өткөрүү жана ошондой эле, МТС ачыла элек облустарда, МТС боюнча семинарларды өткөрүү үчүн графиктерин түзүү тууралуу Жалал-Абад облусунун 8 райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарына кат даярдалды.
Жайыт департаменти жөнүндө жобо Министрликтин жобосу өзгөргөндүгүнө байланыштуу толукталып, Агрардык саясат, айыл чарбанын өнүгүшүн талдоо жана божомолдоо башкы башкармалыгынын башчысы Р.Бейшенкуловго тапшырылды.

Корреспонденциялар жөнүндө
Жума ичинде Жайыт департаментине Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн, Жогорку Кеңешинин Аппаратынан жана министрликтерден, ведомстволордон , облустардан жана жайыт пайдалануучулардан  жалпы 9 кат, анын ичинен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынан-1, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен-5, облустардан-1 жана башка ведомствалардан-2  кат келип түштү. Келген каттарга Департаменттин адистери   Кыргыз  Республикасынын2007-жылдын 4-майындагы № 67чи «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамына ылайык,өз убагында жооп берип жатышат.

Назад

Информационный блок