Новость 9 августа
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

“Алма” журналы ачылды
Бүгүн, КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде “Алма” билим-маалымат журналынын бет ачаар аземи болуп өттү. Министрлик жана “Кыргызстандын агрардык платформасы” коомдук бирикмеси менен биргеликте уюштурулган бул иш-чарага айыл чарбасы тармагына тиешелүү өкүлдөр, жеке фермерлер, жарандык коомдун өкүлдөрү жана жалпыга маалымдоо каражатынын кызматкерлери катышты. Айыл чарба тармагында чыгып жаткан бул журнал менен тыгыз кызматташтыкта иш алып бараарын айткан КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.Керималиев “Алма” журналынын ишине ийгиликтерди каалап өттү.
“Алма” журналы Кыргызстандагы айыл чарба тармагынын жетишкендиктеринин, учурун, келечегин, айыл чарба тармагындагы жаңылыктарды, көйгөйлөрдү, алдыңкы тажрыйбаларды чагылдырган түстүү журнал болуп саналат.

Назад

Информационный блок