Новость 8 августа
1144953 3 2x

Отоо чөп, өсүмдүктөрдүн оруулары жана зыянкечтери жана ошондой эле саранча зыянкечи менен күрөшүү
Быйылкы жылдын жаз айлары жана жайдын июнь, июль айлары аба ырайы республиканын баардык аймактарында жаан чачынга мол болду. Айдоо аянттарында отоо чөптүн массалык пайда болушуна алып келди. Жыйынтыгында, эсеп-кысаптык датага жалпы республика боюнча отоо чөптөргө каршы химиялык жол менен 173.5 миң га гербецидтер менен даарыланды, бул былтыркы жылдын ушу датасына 97.6 миң га көп. Эң көп даарыло күздүк кылкандуу дан эгиндеринде 65.5 миң га, жана ошондой эле жаздык кылкандуу дан эгиндеринде 40.7 миң га. ушул көлөмдүн 42% Чүй областына туура келди.
Ошону менен бирге оруулар менен зыянкечтерге каршы иш чаралар 161,2 миң га айдоо аянттарында жүргүзүлдү, 26 миң га былтыркыга караганда аз. Эң көп химиялык каражаттар картошка аянтарында колорадо коңузуна каршы 52,0 миң га колдонулду, анын ичинен 31,0 миң га Ысык-Көл областында колдонулду. Фитономуска каршы иш чаралар олуттуу көлөмдө 28,0 миң га көп жылдык чөптөрдүн аянтарында жүргүзүлдү, анын ичинде 18,3 миң га Чүй областында жүргүзүлдү.
Саранча зыянкечтерине каршы иш чараларда 73,0 миң га айыл чарба жерлери изилденип, анын ичинен 57,9 миң га химиялык каражаттар колдонулары аныкталды, анын ичинен 32,7 миң га Жалал-Абад облусунда, 16,3 миң га Ош областында аныкталды, бул областтарда саранчага каршы иш чаралар бүткөрүлдү. Баткен областынын Лейлек районунда 560 га жерге дары чачуу иштери калды.

Назад

Информационные системы

Информационная сеть
районных управлений
аграрного развития

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок