Новость 27 июля

Министрлик 6 айдын жыйынтыгын чыгарды!


Бүгүн, КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри 2016-жылдын 6 ай ичинде аткарылган жумуштары туурасында жыйынтык чыгарды. Болуп өткөн коллегияга КРнын өкмөтүнүн агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүм башчысы Алмаз Жээналиев, министрликтин тиешелүү кызматкерлери, жетекчилери жана райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчилери катышты.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин коллегиясы 2016-жылда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “2016-жылы айыл чарба талаа иштерин өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө” 2016-жылдын 29-январындагы №31-б буйругунун негизинде баардык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы өкүлчүлүктөрү, райадминистрациялары жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте иш алып барылгандыгы,  айыл чарба өсүмдүктөрүнүн себүү структурасы бекитилгендиги 2016-жылдын түшүмү үчүн республика боюнча бардык себүү аянттары канча болгондугу туурасында КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.Керималиев маалымат берди. 2015-жылга карата 6,4 миң га көп болгон жана  1192,3 миң га аянтты түзгөн. Эң жогорку себүү аянттарынын өсүүсүн камсыз кылган Жалал-Абад-2322 га жана Ош-2270 га облустарынын айылдык товар өндүрүүчүлөрү болду. Жалпы дан жана чанактуу өсүмдүктөрү жүгөрүнүн данын кошкондо республика боюнча 625,9 миң га аянтты түздү, же 17,3 миң га өткөн жылга салыштырмалуу аз болду. Кыскаруу негизинен буудайдын 26,7 миң га аянтка өткөн жылга караганда аз себилгендигинен болууда.
Ошондой эле,  оруп жыйноо иштерине колдо болгон комбайндардын 75-89% катышып, оруп жыйноо мезгилинде комбайндардын жетишпей калган учурда, жардамга муктаж болгон Чүй жана Жалалабад облустарына 122 комбайн барып жардам берип жатканын белгилейт. Ошондой эле оруп жыйноо иштери жүрүп жаткан мезгилде республика боюнча дизельдик отун жок болуп калган фактылар катталбагандыгын белгилейт.
Отчеттук күнгө республика боюнча 87,3 миң га дан кылкандуу өсүмдүктөр  жыйналып же жыйноо аянтынын 19,1% жыйналып бүткөнүн жана өткөн жылдын деңгээлине салыштырмалуу 10,7 миң га азыраак экенин коллегия белгилейт. Үстүбүздөгү жылдын жаз жана жай айларынын нымдуу аба-ырайы учурунда айдоолордун бышышы, өткөн жылга салыштырмалуу, кеч болгондугуна карабастан 48,3 миң га же 17,7% бардык буудай аянтынан жана 39,0 миң га же 21,2% арпа жыйналгандыгын, ошондой эле Республика боюнча орто түшүмдүүлүк буудай боюнча – 28,7ц/га, бул өткөн жылга салыштырмалуу 2,6 ц/га жогору, ал эми арпа боюнча 23,3 ц/га, ал 3,0 ц/га жогору болгон.
Жашылчалардан 149,0 миң тонна жыйналды, ал өткөн жылга салыштырмалуу 11,7 миң тоннага көбүрөөк. Бакча өсүмдүктөрүнөн 83,9 миң тонна жыйналды, ал да 4,3 миң тоннага көбүрөөк. Ошону менен бирге быйылкы жылы аба-ырайынын кесепетеринен республика боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнүн 2353 гектары жапа чеккен, жалпы кетирилген зыян 65,1 млн.сомду түздү.
2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында оруп жыйноо иштеринин жүрүшү боюнча буудайдын, картөшкөнүн, жашылчанын жана бахчанын дүң жыйымынын 2015-жылга салыштырмалуу көп болгонун белгилейт. Мындан 2015-жылга салыштырмалуу жашылчанын дүң жыйымы  11,7 миң тоннага, картөшкөнүн- 7,8 мин тоннага, бахчанын- 4,3 мин тоннага көбөйгөнүн белгилеп кетет.  Коллегиянын күн тартибиндеги экинчи маселеси болуп  Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин  2016-жылынын  6  ай ичиндеги  аткаруучулук тартип жана жогорку органдардын чечимдеринин тапшырмаларынын аткарылыш тартиби тууралуу болду. Экинчи маселе боюнча КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин статс-катчысы М.Ташболотов маалымат берди. 2016-жылдын 6 айдын ичинде министрликтин наамына келип түшкөн иш кагаздардын жалпы саны  4786 түздү. 
Ал эми министрликтин наамынан кетирилген каттардын жалпы  саны 4016 түздү Анын ичинен 943 кат Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине, 3073 кат министерстволорго жана ведомстволорго областык, райондук өкүлчүлүктөргө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жарандарга жөнөтүлдү.
Жогорку органдардан келип түшкөн 1392 документтин, 1351 документи контролго алынган.
2016-жылынын 6-ай ичинде ар кандай убакыттарга (бир күндөн тартып 1-2 жумага  чейинки) кечигүү менен аткарылган документтердин жалпы саны 274 түзүп, бул контролдо турган  иш кагаздын 17,2% түзөт.
Жарандарды кабыл алуу графигине ылайык жумасына бир жолу Министр жана анын орун басарлары жарандарды жекече кабыл алуу күндөрүн өткөрүп турушат. Ага ылайык 2016-жылдын 6-айынын ичинде 398 адам оозеки кайрылуу менен жекече кабыл алууда болушкан (2015-ж – 262).
Келип түшкөн иш кагаздардын ичинен өзгөчө орун жарандардын кайрылууларына тиешелүү.
Кайрылуулардын 201  же  88,2% өз убагында аткарылган,  27 же  11,9 %  мөөнөттөрү  кечигүү менен аткарылган.  Келип түшкөн кайрылуулардын  көпчүлүгү жер, жайыт, сугат суу жана үрөн маселелери жөнүндө болуп эсептелет.
Кайрылуулардын аткаруу мөөнөтүнөн өтүп аткарылып жатышынын себеби, жеке менчиктештирүүдөгү талаш маселелерди жеринен барып териштирүү, аныктоо, мындан тышкары сугат суулары, жайыт маселелери тууралуу кайрылууларды кароодо  көп убакыт талап болуп жатканына байланыштуу болду.
Министрликтин аппаратындагы жана түзүмдүк уюмдарындагы аткаруу тартибинин абалы тууралуу маселе жыл башынан бери ар бир жума сайын аппараттык кенешмеде каралып  келүүдө. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин атайын буйругу менен жумушчу топ  түзүлүп, министрликтин түзүмүндөгү мекеме-ишканалардын 6-ай ичиндеги аткаруучулук тартип жана жогорку органдардын чечимдеринин тапшырмаларынын аткарылыш тартиби тууралуу тиешелүү жүргүзүү менен бирдикте жеринде практикалык жардамдарды көрсөтүп келди. Коллегиянын үчүнчү маселеси “Улуттук суу ресурстарын башкаруу” долбоорун ишке ашырылышы тууралуу министрдин орун басары Ж.Керималиев айтып өттү. Долбоордун максаты: Республиканын бардык областтарында 120 миң гектар сугарылуучу жерлерде стабилдүү жана ишенимдүү сууну бөлүштүрү аркылуу түшүм өндүрүүнү жогорулатуу болуп саналат. Долбоордун чегинде республика боюнча жалпы 63 СПАда ички чарбалык инфраструктураны реабилитациялоо жүргүзүлгөн. Реабилитациялык жумуштар Чүй областынан башка республиканын алты областында жүргүзүлдү. Реабилитациялык жумуштар жүргүзүлгөн 63 СПАнын ичинен 35 СПА республиканын түштүк регионунда жана 28 СПА түндүк регионунда жайгашкан.
Ар бир каралып өткөн маселелерди угуп отурган коллегиянын катышуучулары кызыккан суроолорун берип, жооп ала алышты. КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Т.Бекбоев эскиче иштегенди токтотушубуз керек. Айыл чарба продукцияларын алуу үчүн сатып алуучуга бардык шартты түзүп беришибиз керек деген оюн айтты. Ошондой эле Ош шаарындагы фитосанитардык лабораторияны бүтүрүү керек экендигин, ар бир кызматкер өзүнө жүктөлгөн милдетти так аткарышын баса белгиледи. Жыйынтыгында коллегияда каралган маселелер боюнча токтом кабыл алынды.

Назад

Информационные системы

Информационная сеть
районных управлений
аграрного развития

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок