Новость 21 июля
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Айыл чарба өндүрүүшүндөгү быйылкы жылдын 6 айдын жыйынтыгында бардыгы болуп 55 млрд. 503,3 млн.сомдук айыл чарбасын дүң продукциясы өндүрүлүп, 2015-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү ыргагы 102,9 пайызды түздү. Анын ичинен мал чарбасында өсүү темпи 102,0 пайызды түзсө, талаачылыкта бул көрсөткүч 109,9 пайызга аткарылды. Ошондой эле айыл чарба продукциясын кайра иштетүү өнөр-жайынын ишканалары өндүргөн продукция учурдагы баа менен алдын ала маалыматтар боюнча 10744,7 млн.сомду физикалык көлөмдүн индекси 106,8% түздү. Бул жетишкендиктерге аба-ырайы жумшак болуп, жаз эрте келип, жергиликтүү бийликтер менен биргеликте тийиштүү иш-чаралар көрүлгөндү. Өкмөт тарабынан берилип жаткан Жеңилдетилген насыялар да өбөлгө болду деп кортунду жасасак болот.
Министрлик тарабынан тийиштүү иш чаралар иштелип чыгып, анын негизинде 2016-жылдын 6 айында министирликтин башкармалыктарынын, департаменттеринин адистери тарабынан, жер жана агрардык реформаны жакшыртуу, айыл экономикасын мындан ары өнүктүрүү боюнча укуктук-нормативдик актылар иштелип чыгып, аларды өнүктүрүү боюнча жаңы сунуштар киргизилди.
Быйылкы жылы Министрликтин адистерини тарабынан дыйкан – фермерлерди кышкы мезгилде жер - жерлердеги агроокууларды уюштурулуп, методикалык көрсөтмө куралдарды менен, өндүрүштүн бардык негизги маселелери жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча керектүү көрсөтмө материалдары, буклеттери жана брошюралары дыйкандарга берилди. Бул окуу-семинарлар республиканын дыйкан – фермерлерине айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүү боюнча заманбап технологияларды өздөштүрүүгө, жаңы жогорку түшүмдүү сортторду жана гибридтерди алууга, дыйканчылыктын деңгээлин жогорулатууга мүмкүнчүлүк түздү.
Республикабыздын ЕврАзиялык экономикалык бирикмесинин мүчөлүгүнө киргенин эске алып, жерди иштетүүдө жогорку кирешелүү, экспортко багытталган жана экономикалык жактан ыңгайлуу өсүмдүктөргө, өзгөчө, мөмө-жемиштерди дыйкан-фермерлерибизге багыт берүүдө .
Дыйкандардын заманбап технологияларга умтулушун колдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен сугат айдоо жерлерди башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга мораторий киргизилгендигине байланыштуу сугат айдоо жерлерге женил конструкциядагы кунөсканаларды курууга уруксат беүү боюнча Мыйзам долбоору кабыл алынды .
Ошондой эле, жогорудагы аталган Мыйзамдын 2-бөлүгүнө айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун сугат айдоо жерлеринен сырткары жакшы түшүм беребеген, бал бонитети 40-ылдый, кыртышы ортодон төмөн үлүшкө гана берилген сугат айдоо жерлерине көп жылдык мөмө-жемиш дарактарды отургузууга уруксат берүү боюнча Мыйзам кабыл алынды
Быйылкы жылдагы Кыргыз Өкмөтү тарабынан өз убагында көрүлгөн иш-чаралардын негизинде жана дыйкан-фермерлердин уюштуруучулук иштеринин натыйжасында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаздык себүү жумуштары өз убагында бүкөрүлүп, айылдык товар өндүрүүчүлөр үрөн менен жетиштүү камсыз болушту. Ошондой эле минералдык жер семирткичтер, химикаттар, биялогиялык препараттар менен камсыздашты. Дизельдик отун майлоочу май менен камсыздоодо да көйгөйлөр болгон жок.
Улуттук Статистикалык Комитетинин жыйынтыктоочу отчетуна ылайык, быйылкы жылы республика боюнча 1192,4 миң гектарга айыл чарба өсүмдүктөрү себилип, өткөн жылдан 6,5 миң. га көп болду. Акыркы үч жыл ичинде пайдаланылбай калган айдоо жердин аянты 110 миң гектардан 82,0 миң гектарга чейин кыскарды.
Министрлик тарабынан калкыбызды кумшекер менен камсыз кылуу максатында кант кызылчаны өнүктүрүү багытында атайын стратегия иштеп чыкты жана келечекте анын аянтын - 15,0 миң гектарга чейин жеткирип, кошумча “Кошой Кант”заводун иштетүүнү пландаштырууда.
Ошондой эле пахта тармагын өнүктүрүү боюнча атайын концепция иштелип чыгып, Өкмөттүн токтому менен бекитилди.
Акыркы жылдары Министрлик тарабынан өсүмдүктөрдү оорулардан жана зыянкечтерден органикалык жана биологиялык жактан коргоого мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга аракеттер болууда.
26-майда бул багытта органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча республикалык деңгээлде теоретикалык жагын министрликте, ал эми Чүй облусунун Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы № 43 кесипчилик техникалык лицейдин базасында практикалык жактан республикалык көргөзмө-семинар өткөрүп, республиканын жалпы дыйкан-фермерлерине кайрылуу кабыл алынды.
Айыл чарба техникасы боюнча.
2016-жылдын жазгы айыл чарба жана оруп-жыюу жумуштарын жүргүзүүдө айыл чарба техникаларынын 85-90% катышууда.
Акыркы 4-5 жылдан бери Өкмөт жана министрлик тарабынан, мамлекеттин колдоосу аркылуу 950 млн. сомдон ашык суммадагы лизингди каржылоо фонду түзүлүп, Айыл Банк аркылуу дыйкандарыбызга 1800дөн ашык ар түрдүү маркадагы техникалар лизингке берилди.
Аны менен бирге, республиканын дыйкан – фермерлерин колдоо максатында , айыл чарба техникаларын лизинг түрүндөгү алгачкы төлөмү 30% дан 10% чейин төмөндөтүлдү. Ошондой эле, Айыл-Банк аркылуу лизингке берилип жаткан ЕврАзия өнүктүрүү долборуу боюнча айыл чарба техникаларынын үстөк пайызын 9 пайыздан 5 пайызга чейин төмөндөтүү жөнүндө Кыргыз Өкмөтүнүн тапшырмасы менен учурда Финансы министрлигинде каралып жатат.
Бүгүнкү күндө республика боюнча 11 миңден ашык субъектер дыйкандарга механизациялык кызматтарды көрсөтүп жатышат.
Жогорудагы чарбалык субьектердин (ишканалардын) машина-трактордук паркын толуктоо жана жащылоо максатында “Республиканын аймактарында агротехникалык механизациялык кызматын көрсөтүүчъ ишканаларды (машина-трактордук станцияларды (МТС) тъзъъ жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17.03.2016-ж. №107-б буйругу кабыл алынды.
Учурда министрлик тарыбынан республиканын региондорунда (МТС) түзүү боюнча иш-чаралар, семинарлар өткөрүлүп жатат. Алгачкы муниципалдык МТСтер Сокулук районунун Жаны-Пахта аймагында жана Нарын облусунун Ат-Башы районун Казыбек айыл аймагында ачылды. Жакында мындай МТСтер Ысык-Көл жана Талас облустарында ачылуусу күтүлүүдө.
Суу чарбасында
Мамлекеттик ирригациялык тармакты 2016-жылдын сугатына даярдоо боюнча белгиленген программа ийгиликтүү ишке ашырылды. Быйылкы жылы суу булактарында суунун көлөмү жетишээрлик деңгээлде болгондуктан, сугат сууну топтоо боюнча иштердин жакшы уюштурулгандыгына байланыштуу, өз учурунда жана толук көлөмдө вегетациялык сугаруулар жүргүзүлүп жатат.
Учурда Республикабызда суу чарба курулуш обьектилерин куруу Кыргыз Республикаcынын Президентинин Указы менен бекитилген 2013-2017-жылдары “Кыргыз Республикаcынын Туруктуу Өнүгүү Улуттук стратегиясынын” негизинде жүргүзүлүүдө.
Айыл чарбасын каржылоо долбоорлору боюнча
Республиканын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо боюнча жеңилдетилген кредиттик каражаттар беш жыл аралыгында коммерциялык банктар тарабынан 13 млрд 487,5 млн. сом мамлекеттик долбоорлор аркылуу жеңилдетилген насыя берилди.
“2016-жылы Айыл чарбасын каржылоо-4” долбоору мурдагыдан өзгөчөлөнүп, насыянын мөөнөтү 1-жылга узартылып, 3-жылдык мөөнөт коюлду. Ошондой эле күрөөсүз негизде 100 миң сомго чейин насыя берүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. .
2015-жылдын 6 айында 2,4 млрд сом берилсе, 2016-жылдын 6 айында 2,6 млрд сом берилип же 2015-жылга салыштырмалуу быйыл 226 млн. сом акча каражатын көп алышты, жана былтыркы жылга салыштырмалуу 1079 чарбага ашык кредит берилди.
Ал эми Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан доллар менен берилип жаткан насыялардын үстөк пайызы да 9 пайыздан 5 пайызга чейин төмөндөтүлдү.
2016-жылдын экинчи жарымына карата коюлган негизги милдеттер
1. Жаңы иштетилүүчү жерлерди өздөштүрүүнү жана курууну аяктоо. Алар Баткен облусундагы, Кадамжай районунун, Бүргөндү ирригациялык курулмасы, Ак-Талаа районунун, Ак Сай дарыясындагы курулманын негизги суу тосмосу, Кадамжай районунун Каракыштак –Боз каналы.
2. 300 ашык жаңы күнөсканаларды, ошондой эле тамчылатып сугаруу системасын куруу.
3. “Айыл Банк” ААК менен жана башка лизинг жүргүзүүчү компаниялар менен биргеликте айыл субьекттерине лизингге 200 дөн ашык ар түрдүү айыл чарба техникаларынын бердирүү.
4. “АйылБанк” ААК менен биргеликте айыл чарба техникаларын , азык-түлүктү кайра иштетүүчү тармактын жабдууларын лизингке алуу боюнча табыштамаларды (заявкаларды) кабыл алууну ишке ашыруу.
Быйылкы жылы Министрлик Премьер-министрибиз Сооронбай Жээнбеков тарабынан койулган тапшырмасы боюнча дыйкандарыбыз өндүргөн продукцияларды сатууга көмөк көрсөтүү үчүн кайра иштетүү ишканаларын жана ар бир облуста 1-2 ден логистикалык борборлорду жана заманбап касапканаларды (Убойный цех) куруу менен өсүмдүк жана мал чарба продукциясынын сапатын аныктаган азыркы талапка эл аралык стандарттарга жооп бере турган атайын лабораторияларды курдуруу боюнча облустук, райондук жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте иштерди жүргүзүүдөбүз.
 

Назад

Информационный блок