Новость 19 июля
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

2016-жылдын 16-июлунда Кыргыз Республикасынын өкүмөтүнүн Биринчи вице-премьер министри Мухаммедкалый Абулгазиевдин расмий түрдө катышуусунда Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан “Көлдүн төрү” Ассоциациясынын базасында курулуп бүткөн карп жана форелдин уруктарын инкубациялоо жана атайын тоюттарды даярдоо цехинин ачылышы болууда . Келечекте жетиштүү сапаттагы чөнөк баштарды өстүрүү жана атайын жазалган тоюттардын кенен болушу, Республикабыздагы балык чарбачылыгын өнүктүрүүнүн негизги өбөлгөсү болуп эсептелет. Бүгүнкү учурда ФАОдолбоорунун (БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюму) аткаруусунда республика боюнча 4 инкубациялык жана 3 тоют даярдоочу цех карп жана форелди өндүрүү ишканалары эксплуотацияга киргизилип жатат. Ар бир цехтин өндүрүштүк потенциялы, жылына 480 тонна карп, ак амур, толстолоб, ошондой эле 120 тонна форелди өстүрүү үчүн чөнөк баштарды өндүрүп чыгаруу мүмкүнчүлүгү каралган. Атайын даярдалган тоюттарды чыгаруу өндүрүшүн ишке киргизүү биздин өлкөдө алгачкылардан болуп ишке ашууда. Учурда балык чарба багытындагы фермерлер сапаты начар же болбосо кымбат баалуу импорттолгон тоюттарды колдонууга аргасыз болушууда. Баарыбызга маалым болгондой, балык чарбасындагы баардык кеткен чыгашасынын өз наркынын үлүшүнүн 60% ашыгы тоютка кетет. Ошондуктан фермерлерге жогорку эффективдүү өндүрүш системаларын жолго коюу кыйынга турууда. Орнотулуп жаткан цехтер Балык чарбасы үчүн тоют даярдоодо саатына 600-800 кг тоют өндүрүүгө жөндөмдүү. Аталган цехтердин ишке киргизилиши Кыргызстанда балык чарбачылыгын өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түзүшүнө үмүтүбүз зор. Расмий түрдөгү ачылыш учурунда ФАОдолбоорунун (БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюму) Кыргызстандагы өкүлү Д-р Доржи Кинлай ачылып жаткан ишканалар жана андан башка масштабдуу долбоорлор боюнча кыскача маалымат берет. Коноктор жана ММК өкүлдөрү үчүн мазмундуу иш күнү жана кызыктуу программа, маалымат жыйыны каралган. Финляндиянын Тышкы Иштер министрилиги тарабынан каржылык колдоого алынган салтанаттуу бет ачар аземи мындан ары ФАО долбоору менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги алдындагы Балык чарба департаментинин ортосундагы балык чарбачылыгын өнүктүрүү жаатында мындан ары дагы жемиштүү кызматташуусуна жол ачмакчы. Балык чарбасын өнүктүрүүдө, энелик карптардын санын көбөйтүү жана жогорку сапаттагы чөнөк баштарды өлкөгө алып келүү менен ишке ашуусу күтүлөт. 2015-жылы биринчи энелик карптардын материалдары Казахстандан алынып келинип, Тоң жана Өзгөн районундагы мамлекеттик балык чарбаларына берилген. 2016-жылы Венгриядан да энелик карптардын материалдары алынып келинди. Бул иш карп балыктарын өндүрүүнүн негизин түзүп, Балык чарба Департаментинин жардамы аркылуу өлкөбүздүн фермерлерин генетикалык жактан жогорку сапаттагы балык материалдары менен камсыз кылынмакчы. Улуттун ден соолугунун жакшыртуу багытында тамактануу маданиятын жогорулатуу жана айыл-чарба багытындагы азык-түлүк коопсуздугунун негизи болгон балык чарбасынын кайра жаралуусуна күбө болуңуздарды үндөп чакырабыз.

Назад

Информационный блок