Новость 18 июля
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Айыл чарба багытында Ысык-Көл облусунда жетишкендиктер арбын!

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш өнөр жай жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусунда болду. Алгач Тоң районундагы Ак-Өлөң айылындагы "Нарсуу" айыл чарба коопоративинде болуп, таштак жерди тамчылатып сугаруу жолу менен өрүкзарга айланткан фермердин иши менен таанышуудан баштады. Андан соң "Урумкул" балык чарбасында болуп, ал жердеги жаңы технологиялар аркылуу балык чарбасын өстүрүү иштерин көрдү. Тоң районундагы "Ала көз" СПАсы, Күн Чыгыш айыл аймагынын базасында ачылчу МТСтин иштери менен таанышты. Ал эми Жети Өгүз районундагы "Барс" техникалык сервистин иши, Кара Бак өрүк багындагы 5 га. жерге курулуп жаткан күнөскана, Кашка Суу СПАсын көрүп, жергиликтүү фермер-дыйкандар менен жолугушуу өткөрдү. Элет жериндеги фермер дыйкандарга министрлик аткарып жаткан иштер туурасында маалымат берип, министрлик сунуштап жаткан мыйзамдар, долбоорлор тууралуу кеңири түшүндүрмө берип, министр Турдуназир Бекбоев жер иштетүү маданиятын жогорулатуу, айыл чарбага болгон мамилени жакшыртуу керек экенин айтты. Андан тышкары талаш жайыт маселеси көтөрүлүп, айрым орчундуу маселелерди министр жеринде чечти. Түп районундагы аткарылып жаткан айыл чарба багытындагы иш аракеттерге министр Турдуназир Бекбоев жакшы баасын берип, колдоого ала турган демилгелер көп экенине токтолду. Тогуз Булак айыл аймагындагы "Барсбек" уй багытындагы асыл тукум чарбасында 81 жаштагы фермер Тургазы Бекембаев Европадан Немис Бурасивцкий багытындагы 85 баш уй алып келип, азыр анын 45 баш уйунан төл алганын айтты. Бул асыл тукум уйлардын ар бири 15 литрден кем эмес сүт берет. Андан соң "Байтур" асыл тукум мал чарбасындагы иштер боюнча маалымат алды. Бул жерде Европадан алынып келинген таза кандуу жылкылар, уйлар багылып, Түп районунун экономикалык-социалдык жагынан өнүгүүсүнө бир топ салым кошуп жатканын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдирди. Ал эми Ысык-Көл районундагы "Ала Балык" балык чарбасынын иши купулга толоорлук экенин министр Турдуназир Бекбоев билдирди. Расмий ишсапардын алкагында министр Турдуназир Бекбоев Чоң Ак Суу суу алуучу башкы курулма, министрликке тиешелүү "Берекке" пансионаты, Тору Айгыр айылындагы "Кенжебек" айыл чарба өндүрүштүк кооперативинин иштери менен таанышып, жалпы облус боюнча айыл чарба багытында ири иштер аткарылып жатканын баса белгилеп, демилгелерди жалпы республикага жайылтуу керек экенин билдирди. Министр Турдуназир Бекбоевдин иш сапарын Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Аскат Акибаев коштоп жүрдү.

Назад

Информационные системы

Информационная сеть
районных управлений
аграрного развития

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок