Новость 27 июня
1144953 3 2x

Айыл чарба министрлиги студенттердин билим деңгээлин текшерди
                                       


КР Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү (АДИБ) К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Ветеринардык медицина жана биотехнология факультетинин экинчи курсунда окуган студенттердин билим деңгээлин текшерүү максатында жети сабак (этиология, эмбриология, паталогиялык физиология, клиникалык анатомия, ветеринардык генетика, анатомия, жаныбарлардын физиологиясы) боюнча бланктык тестирлөө өткөрдү.Аталган студенттер “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-1 жана -2” долбоорлорун эсебинен окушат.
Тестирлөөгө 105 студент катышты. Ал эми тестирлөөнүн жыйынтыгы студенттер негизинен жакшы окугандыгындалилдеди.Белгилей кетсек, алты студент “эң жакшы” деген баа алышты, алардын бири  Ырысбай кызы Айкыз эң жогорку баллга татыктуу болду.
“Тестирлөөнүн жыйынтыктары жакшы, - дейт факультеттин деканы Бекболсун Акназаров. – Эгерде студенттердин билим сапаты үзгүлтүксүз текшерилип турса, алардын окууга болгон умтулуусу күчөп, жоопкерчилиги да артат эле”.
Эске салсак, 2014-жылы өлкөбүздүн ар кайсы аймагынан Кыргыз улуттук агрардык университетининВетеринария факультетине жүздөн ашык студент кабыл алынган.Алардын окуусун жогоруда аталган долбоор каржылайт. Жогорку окуу жайды бүткөндөн кийин, бүтүрүүчүлөр өз айыл аймактарында кесиби боюнча иштешет. Айыл жерлеринде ветеринардык адистер жетишсиз болгондуктан долбоор студенттердин ветеринардык билим алуусуна колдоо көрсөтүүдө. Мындай жөрөлгө “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-1 жана -2” долбоорлорунун маанилүү компоненттеринин катарына кирет.

 

Минсельхоз оценил уровень знаний ветеринаров-второкурсников КНАУ

Отдел реализации сельскохозяйственных проектов (ОРСП) МСХМ КР в целях мониторинга знаний студентов второго курса факультета ветеринарной медицины и биотехнологий КНАУ им.К.И.Скрябина, обучающихся за счет проектов “Развитие животноводства и рынка-1 и -2”, провелбланочноетестированиепо семи предметам: этиологии, эмбриологии, патологической физиологии, клиническойанатомии, ветеринарной генетике, анатомии, физиологии животных.
В тестировании приняли участие105 студентов, и ее итоги свидетельствуют в основном о хорошей успеваемости. Следует отметить, что“отличную” оценку получили шесть человек, одна из них -Ырысбай кызы Айкыз - набрала максимальный балл.
“Проведенный тест показал неплохие результаты, - считает декан факультета Бекболсун Акназаров. - Возможно, нужно регулярно проводить подобный “срез знаний”, поскольку он стимулирует молодых людей учиться еще лучше, повышает их самоответственность”.
Напомним, в 2014 году из разных регионов страны на ветеринарный факультет КНАУ были приняты более ста первокурсников, учебу которых оплачивают вышеуказанные проекты. Окончив вуз, выпускникидолжны вернуться в родные айыльные аймаки и работать по специальности. Ветеринарное образованиеподдерживается в целях восполнения нехватки ветеринарных кадров в селах, и является важным компонентов проектов “Развитие животноводства и рынка-1 и -2”.

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок