Новость 6 мая

Жайыт департаментинин  жума аралыгында жасаган иш аракети жана Протоколдук тапшырмалардын аткарылышы жөнүндө маалымат

 Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министрлигине караштуу Жайыт департаменти өз ишин Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын  19-июнунда № 386, токтомунун  негизинде жана бекитилген  иш планы менен Департамент жөнүндөгү жобого ылайык жүргүздү.
Информациялык иштер  жөнүндө
Жайыт департаментинин жетекчилери жана адистери жер-жерлерге барып, айыл аймактардын жайыт пайдалануучулары менен жолугушуп, аларга Кыргыз Республикасын “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  токтомдору жөнүндө кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле, Жайыт департаментинин адистери тарабынан  тегерек столдор, семинар иш-чаралары уюштурулуп жатат, мисалы: Суусамыр өрөнүндөгү алтыгана-караган отоо чөбүн жок кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинде өткөрүлө турчу тегерек стол. Жайыттарды туура жана эффективдүү пайдалануу, башкарууга жана абалын жакшыртууга багытталган иш-чаралар келечектеги иш пландарда  камтылмакчы.
Республика боюнча көчүү графиктери
Республика боюнча көчүү графиктерин облустун адистери маалыматтарды берип жатышат, азыркы учурда көчүү графиктери боюнча Республиканын Нарын, Ысык-Көл , Талас, Баткен жана Чүй  облустарынын гана көчүү графиктеринин толук маалыматы такталды, калган облустардан толук маалымат келгенде таблица түрүндө маалымат жөнөтөбүз.

Ыр кесе иш пландары боюнча
Ыр кесе иш пландары боюнча облустардын адистери өткөрүү мөөнөттөрүн тактап жатышат, азыркы учурда Ысык-Көл облусунун ыр кесе иш планы бар жана июнь-май айларында өткөрүшөт, Нарын облусу боюнча июль-август айларында өткөрүлөт.

Протоколдук иштердин аткарылышы жөнүндө
2016-жылдын 26-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин аппараттык кеңешмесинин  Протоколунун 6-пунктундагы тапшырмалар боюнча  төмөндөгүлөрдү билдирет.
Жайыт департаментинде атайын каражаттар жок.
Улуттук стратегиянын туруктуу өнүгүү программасынын 2016-жылдын 1-кварталына жана 2015-жыл ичиндеги аткарылышы тууралуу маалыматтар даярдалып өз убагында берилген жана канчасы аткарылды, канчасы аткарылбагандыгы жогорудагы берилген отчеттордо  көрсөтүлүп берилген.
Жайыт департаментинин адистеринин майрамга карата түзүлгөн графигинин тизмеси:


Жайыт департаментинин адистери

Күнү

Убактысы

Телефон
 номери

Бекенов М.

1-май

830-1300

0551 207889

Чылпакова А.

1-май

1300-1730

0555 108450

Кубанычбекова К.

2-май

830 -1300

0555 106930

Сапаралиев А.

2-май

1300-1730

0700 202062

Алимбекова Н.

3-май

830 -1300

0555 603263

Жакыпбекова Г.

3-май

1300-1730

0773 977679

Эшимбетов К.

4-май

830 -1300

0701 880159

Алыбек кызы Н.

5-май

800-1730

0709 951311

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 4-сентябрындагы №618 токтому менен бекитилген 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана азык-түлүк коопсуздугунун программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында Жайыт департаментине тиешелүү иш-чаралар жок.
Ар бир берилген тапшырмалар, отчеттор адистер тарабынан өз учурунда аткарылып турду жана жума сайын пресса кызматына маалымат берип турдук ошондой эле министрдин 2016-жылы түзүлгөн иш аракеттер планы толук көзөмөлгө алынган.
Региондордогу адистерибизге ай сайын, квартал, жарым жыл, жылдык отчеттордогу көрсөткүчтөр, мурунку жылдын көрсөткүчтөрүнөн төмөн болбошу керек экенин билишет жана жайыт комитеттери менен бул багытта иш алып барышат.
Жаңы чыккан, өзгөртүү же толуктоо киргизилип жаткан токтомдор, мыйзамдар, долбоорлор менен танышуу максатында ар жума күнү 30 мүнөттүк окуу журуп жатат.
Корреспонденциялар жөнүндө
Жума ичинде Жайыт департаментине Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн, Жогорку Кеңешинин Аппаратынан жана министирликтерден, ведомстволордон , облустардан жана жайыт пайдалануучулардан  жалпы 32 кат келип түштү, анын ичинен сы көзөмөлгө алынган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынан-2,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынан-6,  Айыл чарба жана мелиорация министрлигинен-13, облустардан-7, Кыргыз Республикасынын ИИМнен-1, Мамлекеттик чек ара кызматынан-1, Экономика министрлигинен-2 кат келип түштү. Түшкөн 32 каттын7неДепартаменттин адистери   жооп беришти, 7 кат маалымат иретинде, ал эми калганы көзөмөлгө алынды.

 Пресс-служба МСХ и М КР

Назад

Информационные системы

Информационная сеть
районных управлений
аграрного развития

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок